Кара-Көл шаардык кеңешинин кызмат адамы "ири суммадагы акча каражатты ыйгарып алган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган шаардык кеңештин К.К. аттуу жогорку кызмат адамы бир канча жылдан бери мыйзамды бузуу жолу менен буйруктарды чыгарып, 65 миң сом акча каражатын өзүнө ыйгарып алганы аныкталган. Андан сырткары аталган кызмат адам өзүн шаардагы "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүмүн" деп айтып жүргөнүн кесиптештери жана шаар тургундары тастыкташкан.
Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул факт боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.