"Бишкектин борбордук мечитинен жеке буюмдарды уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 7-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 24 жаштагы Ч.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал 6-апрелде саат 13:00 чамасында Гоголь көчөсүндө жайгашкан борбордук мечиттин ичинен белгисиз адамдар сумкасы менен өздүк документтерин уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 30 жаштагы Р.А. аттуу тургуну кармалып, азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө.