Бишкекте самбо спорту боюнча өлкө чемпиондугу аяктап, 9 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды

7-апрелде Бишкекте самбо спорту боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги жыйынтыкталды. Спорттук жана мушташ түрүндөгү самбо боюнча өткөн мелдешке өлкө аймагынан 600дөй спортчу катышты. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда жалпысынан 2 тартип боюнча 9 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды.

Спорттук самбо боюнча Эрмек Акматов (52 килограмм салмакта, "Кегети" командасы), Даврон Маразыков (57 кг, Свердлов райондук ДЮСШ), Белек Бараканов (62 кг, Чолпон-Ата), Руслан Токторбаев (68 кг, КГАФК), Кубанычбек уулу Азиз (74 кг, Ленин райондук ДЮСШ), Максим Мануилов (82 кг, Ленин райондук ДЮСШ), Павел Гончаров (90 кг, Токмок), Урмат Арыкбаев (100 кг, Ленин райондук ДЮСШ), Сархан Исмаилов (+100 кг, 9-башкармалык) сыяктуу спортчулар чемпион болушту.

Мушташ түрүндөгү самбо боюнча алтын медалдарды Мухаметали Эргешев (52 кг, "Жаш-Күч"), Алтынбек уулу Аманат (57 кг, Сокулук), Токтобай уулу Жалынбек (62 кг, "Мухаммед Умар"), Арген Абдувалиев (68 кг, "Жаш-Күч"), Аскаралы уулу Акай (74 кг, Кара-Суу), Данияр Бабакулов (82 кг, "Жаш-Күч"), Рахманберди уулу Төлөгөн (90 кг, "Мухаммед Умар"), Азиз Токтомамбетов (100 кг, Чолпон-Ата), Кубанычбек Кокумов (+100 кг, Жалал-Абад ОИИБи) сыяктуу спортчулар тагынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан