Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Кулунчак участкасында райондук Токой чарба ишканасынын карамагындагы 7 гектар жерге Кулунчак колотунан жер көчкү жүрүп, натыйжада көчөт өстүрүүчү жердин 5 сотых бөлүгүн өстүрүлүп жаткан көчөттөрү менен басып калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жер көчкү жүргөн аймак жайлоодо, калктуу конуштардан 100 чакырым алыстыкта болгондуктан, калк жана айыл чарба жандыктары жабыркаган эмес.
Аталган аймакта жер көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, жер көчкүнүн көлөмү жана келтирген материалдык чыгым тактала элек.