Бишкекте хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу орун алат. Мелдеш 9-апрелде башталып, 14-апрелде жыйынтыкталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргыз Республикасы, Индия, Катар, Малайзия жана Макао курамалары катышат. Мелдеште жеңүүчү аталган команда Чакырык Кубогунун беделдүү дивизионуна жолдомо алат.
Оюндардын тизмеси:
9-апрель
Саат 15:30. Катар — Малайзия
Саат 19:20. Индия — Кыргыз Республикасы
10-апрель
15:30. Макао — Индия
19:00. Кыргыз Республикасы — Катар
11-апрель
15:30. Макао — Катар
19:00. Кыргыз Республикасы — Малайзия
13-апрель
15:30. Малайзия — Макао
19:00. Индия — Катар
14-апрель
15:30. Малайзия — Индия
19:00. Макао — Кыргыз Республикасы