Кыргыз спортчулары Дубайда (БАЭ) өтүп жаткан эл аралык мелдеште 11 медаль тагынышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Dubai International Aquatic Championship-2016" деп аталган мелдеште спортчуларыбыз жалпысынан 3 алтын, 7 күмүш жана 1 коло медаль тагынышты.
Алтын медалдын ээлери:
Иван Пантелеев (брасс стилинде 50 метр аралыкка сүзүүдө)
Денис Петрашов (брасс стилинде 100 метр аралыкка жана 50 метр аралыкка сүзүүдө)
Күмүш ээлери:
Никита Пауков (200 метр аралыкка чалка чабакта, 400 метр аралыкка комплекстүү сүзүүдө)
Елизавета Рогожникова (200 метр аралыкка чалка чабакта)
Кристина Панасенко (брасс стилинде 100 метр аралыкка жана 50 метр аралыкка сүзүүдө)
Дарья Таланова (брасс стилинде 100 метр аралыкка жана 50 метр аралыкка сүзүүдө)
Коло медаль:
Иван Пантелеев (50 метр аралыкка эркин сүзүүдө)