Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Дордой" өз үйүндө "Алдиерди" 1:0 эсебинде утту (фоторепортаж)

"Дордой" (Бишкек) - "Алдиер" (Куршаб, Өзгөн) - 1:0

Гол: Азиз Сыдыков (16-мүнөттө)

Бүгүн, 8-апрелде Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 4-турунда "Дордой" футболдук клубу "Алдиерди" кабыл алды. Оюнда 1 гана гол киргизилип, "дордойчулар" 4 оюнда топтогон упайларынын санын 10го жеткиришти.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө "Алдиер" клубу "жогорку прессинг" менен ойноп, атаандашка өз коргонуусунда басым кылууга аракет кылды. Алгачкы мүнөттөрдө алардын бул планы ишке ашканы менен, "дордойчулар" коргонуудан чабуулга чыкканды ийгиликтүү ишке ашырып жатышты. 16-мүнөттө Санжар Шаршеев сол капталдан коргоочуну алдап өтүп, дарбазачынын жанында өзүн сунуштаган Азиз Сыдыковго топту көтөрүп берди. Чабуулдан кийин өз коргонуусунда ордуларын таппай калган коргоочулар жаңылган учурда А.Сыдыков башы менен топту дарбазага таамай багыттады.

Оюндун калган бөлүгүндө "Дордой" майдандын эки чети аркылуу көп чабуул уюштурду, бирок мүмкүнчүлүктөрдү голго айланта алган жок. Жыйынтыктоочу эсеп 1:0 жана бишкектик клуб 3 упайга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан