Бүгүн, 9-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 4-турунда Бишкекте жана Ош шаарында бирден беттеш орун алат. Кечээ 4-оюнун өткөрүп, упайларынын санын 10го жеткирген "Дордойдун" артынан "Алай" менен "Алга" бул оюнда жетекчиликтен сөзсүз 3 упай алуу боюнча тапшырма алганы шексиз.
"Алга" (Бишкек) - "Ала-Тоо" (Нарын)
Стадион: Бишкек шаары, Футбол борбору
Башталышы: 16:00
"Алай" (Ош) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)
Стадион: Ош шаары, А.Сүйүнбаев атындагы стадион
Башталышы: 16:00