9-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада 2 беттеш орун алды. Бишкекте өткөн оюнда "Алга" (Бишкек) футболдук клубу "Ала-Тоону" (Нарын) 2:0 эсебинде утту. Ал эми Ошто өткөн оюнда "Алай" футболдук клубу "Кара-Балтаны" 6:0 эсебинде утту.
Бул күнү жеӊишке жетишкен командалар лидерлик сапта бараткан "Дордойдун" алыстап кетүүсүнө шарт түзүшкөн жок. 10 упай топтогон "Дордойдон" кийин 2-орунду "Алай" ээлеп келсе, "Алга" 7 упайы менен 3-орунду ээлеп турат.
Гол катыштыктарына токтолсок, 3 оюнда "Алай" 9 гол киргизип, эӊ көп гол киргизген команда болуп турат. "Алайлыктар" өз дарбазасына бир дагы топ өткөрө элек. Ал эми "Кара-Балтанын" дарбазасына киргизилген голдордун саны 4 оюнда 18ге жетти.