Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо америкалык Тимоти Брэдлини утуп, карьерасын жыйыштырганын жар салды

Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо америкалык мушкер Тимоти Брэдли менен беттешип, 12 раунддун жыйынтыгында упай катыштыгында утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, беттеш WBO International чемпиондук куру үчүн өттү. Беттеште Пакьяо өзүн бир топ активдүү көрсөтүп, рингде артыкчылык кылып турду. Беттеш аяктаган соң калыстар жеңишти бир ооздон Пакьяого ыйгарышты.

Кошумчалай кетсек, акыркы 10 жылдагы мыкты мушкерлердин бири Мэнни Пакьяо ушул беттешинен кийин карьерасын жыйынтыктаганын жар салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lion.
2016-04-10 17:05:42
Азамат
0
lawyer
2016-04-10 21:42:03
Менни женилип калбадывы
0
suarez09
2016-04-11 02:38:57
Бредлинин онкосунан сайылып камераны карап тушкону укмуш чыгыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан