Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы музейде 9-10-апрель күндөрү кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын көчө искусствосунун негизги өкүлдөрүнүн катышуусунда "Дубал" аталышындагы көргөзмө уюштурулду. Анда "REPAS", "CHERVI", "PIZ", "DOXA", "GREY" арт-тайпалары катышышты.
"Көчө сүрөтчүлөрү үчүн дубал чыгармачылыктын негизги объектиси болуп саналат. Ошондой эле дубал - көрүүчүнүн чыгарма менен жолугушуу орду сыяктуу, дубал - тоскоолдук, вандализм менен искусствонун ортосундагы чек сыяктуу да көрүнүш. Дубал - талаштардын аянты, өзүңдүн көркөм өнөрлөрүңдү эле эмес, активдүү жарандык көз карашыңды көрсөтүүчү арт-объект жана коомчулукка кайрылуунун куралы катары да болуп калат",- дейт көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Евгений Макшаков.
Көчө искусствосу жергиликтүү маданият менен кошулганда жаңы, өзүнчө формага ээ болот. Ошондуктан кадимки дубал эмес, жергиликтүү маанини баса белгилөө үчүн "Дубал" деп аталган.
Көргөзмөгө коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырган сүрөттөр коюлду. "Бир караганда кабыл алууга оор, түшүнүксүз сезилген сүрөттөр аркылуу сүрөтчү дүйнөгө болгон көз карашын, учурду жана өзүнүн ойдон чыгарылган каарманын бериши мүмкүн",- дешет уюштуруучулар.
Белгилей кетсек, "DOXA" арт-тайпасы "DOXA" Боом капчыгайындагы сүрөттөрү менен коомчулукка белгилүү болгон. Ал эми ал сүрөткө жаштар "кыргыз маданиятынын баалуулуктары шылдыңга алынды" деп каршы чыгышкан. Ошондой эле бул тайпа белгилүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтүн дубалга тартышкан.