Бишкекте хоккей боюнча Кыргыз Республикасы, Макао, Малайзия, Катар жана Индия курамаларынын катышуусунда Азиянын Чакырык Кубогу уланууда. Мелдештин экинчи күнүндө кыргыз хоккейчилери Катар курамасын 9:0 эсебинде утушту. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыргыз хоккейчилеринен Олег Колодий (4 шайба), Канат Абылмечин уулу (2 шайба), Таалайбек Сүйүнбаев, Дулат Абышев, Даниил Шушенко айырмаланышты.
2 оюндун жыйынтыгында улуттук курам мелдеш жадыбалында 1-орунду ээлеп турат.
Бул күнү орун алган дагы бир беттеште Макао курамасы буллит сериясында Индия курамасын 7:6 эсебинде утту.