Бишкек шаарында тез тамактануучу жайды тоноого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында тез тамактануучу жайды тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы Б.А. аттуу жаран кайрылган. Ал түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз адамдар М.Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайдын кулпусун талкалап кирип, 3 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 18 жаштагы А.Ж. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан