Ички иштер министрлигинин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысы 150 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 15-мартта Коррупцияга каршы кызматына арыз менен Ноокат районунун Өздүк коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери кайрылышкан. Анда алар аталган бөлүмдүн З.А. аттуу башчысы объекттерди кайтаруу үчүн түшкөн акча каражатын өзүнө ыйгарып алып жатканын билдиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аталган жаран бул ишти анын пайдасына чечип берүүсүн суранып, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерине 150 миң сом акча каражатын сунуштаган. 6-апрелде З.А. аттуу жаран 150 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул факт боюча “пара берүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соттун чечими менен аталган кызмат башчысы 8-апрелде үй камагына чыгарылды, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.