Акыркы 10 күн аралыгында өлкө аймагынан жалпы салмагы 56 килограммды түзгөн баңгизат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, 1-апрелден 10-апрелге чейин өлкө аймагында 7 баңги кылмышы катталып, анын ичинен 45 килограмм героин, 10 килограмм гашиш жана 1 килограмм 790 грамм марихуана алынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында 45 килограмм героин менен "баңгизатты жүгүртүү аракетин кылган” деп шектелген жарандардын активдүү мүчөлөрү кармалган. Андан сырткары 7-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылынан мыйзамсыз түрдө баңгизатты жүгүртүүгө шектелген 27 жаштагы жаран кармалган. Анын жеке буюмдарын тинтүү маалында 4 килограмм 686 граммдан ашуун гашиш табылган. 10-апрель күнү Ош шаарындагы Кара-Мык айылынын 24 жаштагы тургуну 3 килограмм 701 граммдан ашуун гашиш менен кармалган. Ошол эле айылдын 25 жаштагы К.С. аттуу тургуну 989 граммдан ашуун гашиш менен кармалган. Бул фактылар боюнча учурда ыкчам иликтөө иштери улантылып, кармалган жарандардын бул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.