Бишкек шаарында алдамчылык фактыларына шектелип издөөдө жүргөн аял кармалды

Бишкек шаарында "алдамчылык жолу менен бир нече адамдын акча каражатын тартып алган" деген шек менен издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү Елена Тутчина борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин биринде иштеп, окуу жайда өткөрүлүп келген кошумча сабактар үчүн төлөнүүчү акча каражаттарын эсепчилер аркылуу эмес, ага берүүнү айтып, акчаларды өзүнө ыйгарып алган. 2015-жылы Тутчинанын үстүнөн “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланган. Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү Елена Тутчина эмес экени аныкталып, ал 47 жаштагы Елена Садирдинова экени аныкталган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери улантылууда.

Эгерде бул аялдан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюңуздар: (0777) 33-10-84, (0553) 10-26-87, (0701) 41-15-09.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан