8-9-апрелде Астанада спорттук коляска бийи боюнча "Kazakhstan Open-2016" Эл аралык мелдеши болуп өттү. Ага Австрия, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Орусия жана Тайбэйдин өкүлдөрү катышып, 80 коляскадагы бийчи талантын тартуулады. Өлкөбүздүн атынан Самыйбек кызы Адина эркин программада жеке бийин аткарып, 5-орунду багындырды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.