Бишкекте окуучулардын жана студенттердин арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өттү

Бишкектин Октябрь районунда жеңил атлетика боюнча мелдеш болуп өттү. Сергек жашоого үндөө максатында Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган мелдешке аталган райондогу жогорку окуу жайлардын студенттери, окуучулар жана Октябрь районундагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышты.

Иш-чарага катышкандардын саны 300дөн ашып, кыз-келиндер, уландар арасында эстафетада жеңүүчүлөр аныкталды. Жогорку окуу жайлар арасында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери жеңүүчү аталышты. Окуучулар арасында №60-мектептин окуучулары жеңишке жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан