Бишкектин "Дордой" футболдук клубунун 12-14 жаш курагындагы футболчулары Италиянын Милан шаарында өтө турган "Футбол достук үчүн" деген аталыштагы форумга катышат. Форумда алар дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн чогулган 32 команданын катарын толуктап, атайын мелдешке катышмакчы.
Аталган клубдан кабарлашкандай, сапардын алкагында жаш футболчулар УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2016-жылкы сезонунун финалын жандуу көрүп келишет. Чемпиондор Лигасынын финалы 28-майда Миландагы "Жузеппе Меацца" (Сан-Сиро) стадионунда өтөт.
Легендарлуу немис футболчусу Франц Беккенбауэр элчилик кылган "Футбол достук үчүн" долбоору быйыл 4-ирет уюштурулуп жатат, кыргыздын жаш футболчулары алгачкы жолу чакыруу алышты.
Кошумчалай кетсек, Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонунда учурда чейрек финалдык оюндар ойнолуп жатат.
Алгачкы чейрек финалдык оюндардын жыйынтыктары:
"Барселона" (Испания) - "Атлетико" (Испания) - 2:1 (Фото+видео)
"Бавария" (Германия) - "Бенфика" (Португалия) - 1:0 (Фото+видео)
"Вольфсбург" (Германия) - "Реал" (Испания) - 2:0 (Фото+видео)
ПСЖ (Франция) - "Манчестер Сити" (Англия) - 2:2 (Фото+видео)
Командалардын ортосундагы жооптук оюндар 12-13-апрелде орун алат.