11-апрелде Бишкекте өтүп жаткан хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунда 2 беттеш орун алды. Алгачкы беттеште Макао курамасы Катарды 4:1 эсебинде утту. Ал эми экинчи беттеште муз үстүнө чыккан кыргыз хоккейчилери Малайзия курамасын 9:5 эсебинде утушту. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Ушуну менен кыргыз хоккейчилери аталган мелдеште 3-ирет катары менен жеңишке жетишип, 9 упай менен 1-орунду ээлеп турушат. Кийинки орундарда Макао курамасы (5 упай) менен Малайзия курамасы (3 упай) бар.
Оюндардын тизмеси жана жыйынтыктар:
9-апрель
Катар — Малайзия - 1:3
Индия — Кыргыз Республикасы - 1:11 (фоторепортаж)
10-апрель
15:30. Макао — Индия - 7:6
19:00. Кыргыз Республикасы — Катар - 9:0
11-апрель
Макао — Катар - 4:1
Кыргыз Республикасы — Малайзия - 9:5
13-апрель
15:30. Малайзия — Макао
19:00. Индия — Катар
14-апрель
15:30. Малайзия — Индия
19:00. Макао — Кыргыз Республикасы