“РЕАЛ” (Испания) – “ВОЛЬФСБУРГ” (Германия)
Стадион: Мадрид шаары, "Сантьяго Бернабеу" стадиону
Калыс: Виктор Кашшаи (Венгрия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
(Биринчи оюнда 2:0 эсебинде “Вольфсбург” уткан)
Зинедин Зидан, "Реалдын" башкы машыктыруучусу:
- Бул "Реал" үчүн өтө маанилүү оюн. Атаандаш гол киргизип кетсе, биз кыйынчылыкка кабылабыз. Андыктан маани берип ойношубуз керек. Оюн 1,5 саатка созулат. Бул убакыт ичинде өзүбүздү көрсөтүп, күйөрмандарга сапаттуу оюн тартуу кылабыз. Алгачкы оюндагы жыйынтык кийинки турга чыгыш керек деген тапшырманы бир аз татаалдаштырат, бирок күйөрмандардын колдоосу менен муну аткара алабыз.
Дитер Хекинг, "Вольфсбургдун" башкы машыктыруучусу:
- Биз атаандаштын канчалык күчтүү экенин жакшы билебиз, бирок биринчи оюнда "Реалды" утуп, атаандаштын сыйына ээ болдук. Стадионго 80 миң күйөрман келсе да, биз 11 футболчуга каршы ойнойбуз. Бул жолу, балким, Зидан мени таң калтырат.
“МАНЧЕСТЕР СИТИ” (Англия) – ПСЖ (Франция)
Стадион: Манчестер шаары, "Этихад" стадиону
Калыс: Карлос Веласко Карбальо (Испания)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
(Алгачкы оюнда 2:2 эсебиндеги тең чыгуу катталган)