Ысык-Көл. Балыкчы шаарындагы базарда 7 соода күркөсү күйүп кетти

Балыкчы шаарындагы "Балыкчы-Кербен" базарында 7 соода күркөсү күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курмашев көчөсүндө жайгашкан “Балыкчы-Кербен” базарында 1 кийим-кече, 3 бут кийим саткан соода күркөсү, 1 кургатылган жемиш, 1 азык-түлүктөрдү жана косметика саткан жалпы аянты 135 чарчы метрди түзгөн темир күркөлөрүнүн ички жыгач жасалгалары жана товарлары күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saltanat.
2016-04-12 11:17:06
Ушундай базар бар беле?
+1
Kroxa
2016-04-12 20:34:25
Жаман болуптур..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан