Кыргыз жеринен чыккан атактуу гандболчу Талант Дүйшөбаев Польша курамасын "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына чыгарды
Кыргыз жеринен чыккан атактуу гандболчу Талант Дүйшөбаев машыктырган гандбол боюнча Польша курама командасы "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алды. 9-11-апрель аралыгында Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеште Польша, Тунис, Македония жана Чили курамалары өз ара ойношту. Анда Польша курамасы 3 атаандашын тең утуп, Олимпиадага катыша турган 12 команданын катарын толуктады.
Кошумчалай кетсек, Т.Дүйшөбаев машыктыруучулук кызматка 27-февралда дайындалган. Келишим ушул жылдын сентябрь айында бүтөт.