Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылында О.Айтибаева аттуу жарандын үйүнөн ачык аянттагы 25 куб тактай, 2 тонна чөп, 1 тонна саман толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин этиятсыздыгы себеп болгон.