26-апрелден 1-майга чейинки аралыкта Тажикстанда 14 жашка чейинки курактагы кыздар арасында Азия чемпиондугу өтөт. Түштүк Азия жана Борбордук Азия зоналары боюнча өтө турган мелдеште кыргыз жеринен чыккан калыстар Рамина Цой жана Вероника Бернацкая калыстык милдетти аткарышат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерциясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдеште башкы координатордун кызматын Азия футбол конфедерациясынын өкүлү Сэлли Ким (Түштүк Корея) аткармакчы. Анда жалпысынан 7 мамлекеттен 14 калыс иш алып барат: Жая Чакма (Бангладеш), Кинзанг Чоден (Бутан), Пхурки Лхаму Бхутиа, Решме Четтри, Косум Манди (Индия), Фатимех Газмех, Элхам Кироматшоар, Нигар Абулхасанзадеширази (Иран), Рамина Цой, Вероника Бернацкая (Кыргыз Республикасы), Майя Лама, Анжана Рай (Непал), Курбонгул Курбонова жана Евгения Эйзингер (Тажикстан).
Кошумчалай кетсек, мелдешке катыша турган 7 команда 2 тайпага бөлүнгөн. "А" тайпасында Тажикстан, Кыргыз Республикасы, Бутана жана Иран курамалары бар. Ал эми "В" тайпасына Бангладеш, Непал жана Индия курамалары бөлүнгөн.