Бишкекте Катар, Индия, Макао, Малайзия жана Кыргыз Республикасынын хоккей боюнча улуттук курамаларынын катышуусунда Азиянын Чакырык Кубогу өтүп жатат. 3 тур оюндарынын жыйынтыгында кыргыз хоккейчилери максималдуу 9 упайга ээ болушту.
Спортчуларыбыз атаандаштарын ири эсепте утуп, күйөрмандарды кубантып жатышат. 3 оюнда кыргыз хоккейчилеринин ичинен эң көп шайбаны Олег Колодий киргизип, бомбардирлердин катарында алдынкы сапта турат. Анын эсебинде 13 шайба бар. Улуттук курам атаандаштардын дарбазасына жалпысынан 29 шайба киргизген.
Бомбардирлер:
13 шайба - Олег Колодий (Кыргыз Республикасы)
4 шайба - Чонг Ман Конг, Ка Кит Понг (экөө тең Макао)
3 шайба - Дуулат Абышев, Аманбек Эсен уулу (экөө тең Кыргыз Республикасы)