14-апрелге караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында "Атлетико" футболдук клубу өз үйүндө "Барселонаны" утуп, жарым финалга чыкты. Жеңиш алып келген голдорду Антуан Гризманн өз эсебине жазды. Алгачкы оюнда "Барселонанын" 2:1 эсебинде утканын эске алсак, командалардын 2 оюндагы жалпы эсеби 3:2 болду ("Атлетиконун" пайдасына). Жыйынтыгында Чемпиондор Лигасынын учурдагы чемпиону "Барселона" чемпиондук жарыштан четтеп калды.
Ал эми бул күнү орун алган экинчи беттеште "Бенфика" өз үйүндө "Бавария" менен 2:2 эсебинде ойноду. Алгачкы оюнда 1:0 эсеби катталып, "Бавария" жеңип чыккан. Андыктан 2 оюнда жарым финалдык жолдомону германиялыктар камсыздашты.
Жарым финалга "Реал", "Атлетико" (Испания), "Бавария" (Германия), "Манчестер Сити" (Англия) командалары чыкты. Жарым финалдагы атаандаштар 15-апрелде чүчү кулактын негизинде аныкталат.