Кыргыз спортчусу Асел Шарбекова жаа атуу спорту боюнча Кытайда өтчү мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына машыктыруучу Кылычбек Нурманбетов билдирди.
Анын айтымында, спортчуну К.Нурманбетов өзү коштоп бармакчы. Мелдеш 24-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Шанхайда өтөт.
"Аселди учурда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдешке даярдап жатабыз. Жаа атуу боюнча Олимпиадага жолдомо июнда Түркияда өтчү мелдеште ойнотулат. Буга чейин Казакстанда мелдешке катыштык, эми Кытайдагы мелдеште ийгилик жаратууну көздөп жатабыз. Май айында чет өлкөдө машыгуу сборун өткөрүп, анан Түркиянын Анталия шаарында өтө турган мелдешке жөнөп кетебиз. Негизи, спортчу кызыбыздын Олимпиадага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору",- дейт К.Нурманбетов.