13-апрелде Бишкекте спорттук гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында шаардын Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Мелдешке Шымкент, Караганды (Казакстан) жана Бишкек шаарынан жалпысынан 60тан ашык спортчу катышты. Бул тууралуу шаардык спорт комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда "Спорт чебери" категориясында Константин Руденко (Шымкент) жеңишке жетишти. "Спорт чеберине талапкер" категориясында Бекжан Насрединов (Бишкек) алтын тагынды.
Ал эми 1-разрядда Нурсултан Мамашарипов (Бишкек), 2-разрядда Эмир Акматов (Бишкек), 3-разрядда Богдан Грамов (Шымкент) жеңип чыгышты.
Кыздар арасында "Спорт чебери" категориясында Амалия Чернышова (Бишкек) жеңүүчү аталса, "Спорт чеберине талапкер" категориясында Дарья Ясинскаяга (Караганды) эч ким тең келе алган жок.
Ал эми кыздар арасында 1-разрядда Настя Ферену (Бишкек), 2-разрядда Даша Истомина (Бишкек), 3-разрядда Дарья Минеева (Бишкек) алтын медалдарды тагынышты.