Азиянын Чакырык Кубогу-2016. Хоккей боюнча улуттук курам атаандаштарын артта калтырып, мөөнөтүнөн мурун жеңүүчү аталды

Бишкекте хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу уланууда. Мелдешке Кыргыз Республикасы, Катар, Индия, Малайзия жана Макао курамалары катышууда. Анда улуттук курам башкы атаандашы Макаонун утулуп калганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурун мелдештин жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

13-апрелде муз үстүндө Малайзия - Макао, Индия - Катар беттештери орун алды (кыргыз хоккейчилери бул күнү ойношкон жок). Жыйынтыгында буга чейин жеңиле элек, улуттук курамабызга башкы атаандаш болуп жаткан Макао курамасы 6:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. 13-апрелде катталган жыйынтык төмөнкүчө:

Малайзия — Макао - 6:1

Индия — Катар - 2:5

Буга чейин кыргыз хоккейчилери Индия курамасын 11:1 эсебинде, Катар курамасын 9:0 эсебинде, Малайзия курамасын 9:5 эсебинде утушкан. 1 оюн калганда мелдеште жеңүүчү аталган улуттук курам кийинки сезондо Топ-дивизиондо (деңгээли боюнча жогору турган лига) ойномокчу.

Мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы Макао менен беттешет. Бул оюнда жеңилүү же жеңиш абалды өзгөртпөйт.

14-апрелде ойноло турган оюндар

15:30. Малайзия — Индия

19:00. Макао — Кыргыз Республикасы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arslan12
2016-04-14 11:23:38
Молоды Кыргыэстан алга!!!
0
aitbek.06
2016-04-14 12:08:11
Алга КЫРГЫЗ алга!!!
+1
kama_future_millioner
2016-04-14 13:29:28
Алга жигиттер
0
admiral
2016-04-14 13:42:48
Кубанычтуу жанылык экен. Азаматсынар оюнчулар! Жогорку лигаларда да ийгиликтерди жараткыла.
0
happy15
2016-04-14 15:10:06
Оооххоооо баарын тегиздепсинер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан