14-апрелде Бишкекте Кыргыз Республикасы, Индия, Катар, Макао жана Малайзия курамаларынын катышуусунда өткөн Азиянын Чакырык Кубогу жыйынтыкталды. Мелдеште 4 оюнда атаандаштардын дарбазасына 37 шайба киргизип, максималдуу 12 упай топтогон мамлекетибиздин улуттук курамасы жеңүүчү аталды. 2-орунду 9 упай топтогон Малайзия курамасы багынтса, алдынкы үчтүккө Макао курамасы атын жазды (5 упай). Катар курамасы 4 упай топтосо, Индия 1 упайга ээ болду.
Мелдештин сыйлык тапшыруу аземин КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров, КРнын Хоккей федерациясынын президенти Анарбек Оморканов, Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү өткөрүштү.
Мелдештин мыкты оюнчусу болуп улуттук курамада ойногон Олег Колодий табылды.
Оюндан кийин улуттук кураманын өкүлдөрү мээлейлерин, баш кийимдерин чечип ыргытып, катуу кубанышты. Андан соң парадга даярдануу үчүн кийим которуучу жайга жөнөгөн хоккейчилер көп өтпөй калпак кийип кайтып келишти. Бул учурда сыйлык тапшыруу аземине маани бербеген күйөрмандар кетип, баштагы көрүүчүлөрдүн 50 пайызы гана калган. Медаль тагынып, кубокту колго алган спортчулар муз аянтын айланып, күйөрмандарга колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти. Андан кийин чемпиондук фотосессияга орун берилди. Анда спортчулар кубок менен, күйөрмандар спортчулар менен эстеликке сүрөткө түшүштү.
Мелдеште орун алган бардык оюндардын жыйынтыктары:
9-апрель
Катар — Малайзия - 1:3
Индия — Кыргыз Республикасы - 1:11
10-апрель
Макао — Индия - 7:6
Кыргыз Республикасы — Катар - 9:0
11-апрель
Макао — Катар - 4:1
Кыргыз Республикасы — Малайзия - 9:5
13-апрель
Малайзия — Макао - 6:1
Индия — Катар - 2:5
14-апрель
Малайзия — Индия - 11:5
Макао — Кыргыз Республикасы - 1:8