Бахадыр Кочкаров Ош шаарында футбол калыстары үчүн сабак өтөт

Ош шаарында футбол калыстыгы боюнча окуу долбоору башталат. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети Футбол федерациясы менен биргеликте футбол калыстыгы боюнча окуу курсун баштайт. Бул тууралуу комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу долбоору 3 айга созулуп, сабактарды белгилүү футбол калысы Бахадыр Кочкаров өтөт. Окуу курсу жумасына үч күн болсо, калган күндөрү практика жүзүндө көрсөтүлөт. Окуу курсу Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан акысыз уюштурулду.

Кабыл алуу 15-25-апрель аралыгында аталган комитеттин кеңсесинде болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Uragan07
2016-04-15 12:55:14
Азаматсынар жигиттер.
0
jeep9504
2016-04-15 13:18:57
Ошто болгонум да бармакмын(((
0
Usen92
2016-04-15 17:54:50
Канча жаштан жогорусун и канча жашка чейин кабыл алат билип бериниздерчи admin_ partal
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан