Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Реал" клубу "Манчестер Сити" менен ойнойт, "Атлетико" "Баварияга" каршы турат
Бүгүн, 15-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында кайсы командалар өз ара ойной турганы аныкталды. Атаандаштар чүчү кулактын негизинде бөлүштүрүлүп, чүчү кулак таштоо аземин УЕФАнын Мелдештер боюнча башкармалыгынын директору Жоржио Маркетти өткөрдү. Ага 2010-жылы италиялык "Интердин" курамында Чемпиондор Лигасын уткан Деян Станкович көмөктөштү.
Белгилүү болгондой, жарым финалга "Манчестер Сити" (Англия), "Реал", "Атлетико" (Испания), "Бавария" (Германия) клубдары чыккан.
Белгилүү болгондой, "Манчестер Сити" өз тарыхында аталган лигада жарым финалга биринчи жолу чыкты. Бул жарым финал "Атлетико" үчүн бешинчи ирет болсо, "Бавария" тарыхында бул бийиктикти 18-жолу, "Реал" 27-жолу багынтты.
Жыйынтыгында жарым финалда атаандаштар төмөнкү тартипте ойномой болушту:
"Реал" (Испания) - "Манчестер Сити" (Англия)
"Бавария" (Германия) - "Атлетико" (Испания)
Алгачкы жарым финалдык оюндар 26-27-апрель күндөрү, жооптук оюндар 3-4-май күндөрү орун алат. Финалдык оюн болсо 28-майда Милан шаарында өтмөкчү.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Интернеттен алынды
Оюндар биринчи Ман.Сити менен Атлетиконун уйундо болот тескери жазып коюпсунар)))
МС-Реал
АТМ-Бавария туурасы
0
elgiz0890
2016-04-15 16:27:52
Баарына ийгилик Барселона болгондо суйунуп кормокмун
0
poping.dance
2016-04-15 16:29:15
Финалда мансити менен атлетикону коргум келет
+4
Nurik.180212
2016-04-15 17:07:50
Рахмат
0
Mirkgz-1990
2016-04-15 17:10:03
Ким утсада достойный утсунда судьялардын жардамы жок эле
0
eles1988
2016-04-15 17:15:36
Атлетико алат баарын жыртатго
+3
Il9s
2016-04-15 17:19:10
Финалда Реал-Атлетико...99%гарантия
-3
lotte
2016-04-15 17:29:20
Рома, Вольфсбург, Ман Сити... тушунуктуу эле!
0
eldar.
2016-04-15 17:38:41
lotte,
Ошентип озунду сооротуп тур.
-1
MAN-CITY
2016-04-15 20:31:04
Реал Манчестерге караганда кучтуу, ошентседа мен МСге болеть этем.
-3
ruslankg
2016-04-15 23:05:57
Буйруса реал чемпион.
-6
elmurat.kg
2016-04-16 07:43:27
мафияда кылышы мумкун...реалга ушул тепкичке чейин кыйын команда тушкон жок рома.вольсбург эми манч.сити былтыры да ошондой болгон реал шалке болуп...барса 2жылдан бери манч.учурат быйыл тушпой калыштыда...барсага оной соперник тушкон жок арсенал.атлетико...реалга болгондо качан эле учуп кетмек
0
Joka.94
2016-04-16 11:18:24
атлетико же ман.сити чемпион болсо керек быйыл.
0
Roney-united
2016-04-16 17:39:24
Men kutkondoi ele boluptur,,, Finalda Real menen Bayer oinoit dep umut kylam...
0
Ertuugan
2016-04-17 04:21:22
bavaria alga!
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.