Ош шаарында таэквондо боюнча өлкөнүн Ачык чемпиондугу өтүүдө

Бүгүн, 16-апрель күнү Ош шаарында таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын Ачык чемпиондугу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештин расмий ачылышына шаардын вице-мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Исраилов, КРнын Таэквондо федерациясынын өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер жана спортчулар катышты.

“Бул мелдештин негизги максаты - эл аралык мелдештерге мыкты спортчуларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө. Мелдеште 6 жаштан 35 жашка чейинки спортчулар күч сынашат”,- деди Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазов.

Мелдешке өлкөнүн бардык облус, шаарларынан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 200дөн ашуун спортчу катышууда. Чемпиондуктун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медалдар, акчалай сыйлыктар жана эл аралык мелдештерге катышууга жолдомолор берилмекчи. Спорттук иш-чара эки күнгө созулуп, жыйынтыгы 17-апрелде чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан