ТОП-Лига-2016. Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Алай" клубу конокто "Дордой" менен 1:1 эсебинде тең ойноду

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек жана Кант шаарларында футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 5-турунда 3 оюн орун алды. Күндүн эң маанилүү беттеши катары "Дордой" - "Алай" беттеши бааланып, "Дордой" спорткомплексине эл толо келди.

Бул оюн элдин ишенимин актап, өтө кызыктуу болду. 1-таймдын аягында "дордойчулар" эсепти ачышса (38-мүнөттө Ислам Шамшиев), 2-таймдын башында "алайлыктар" эсепти теңешти (48-мүнөттө Турсунали Рустамов). Албетте, оюнда эки команда тең мыктылыгын көрсөттү. Топ талашууларга, эреже бузууларга көп орун берилди. Жыйынтыгында калыстык милдетти аткарган Рысбек Шекербеков 75-мүнөттө кызыл айып кагазын көрсөтүп, "Дордойдун" оюнчусу Мустафа Юсуповду майдандан четтетти.

16-апрелдеги оюндардын жыйынтыктары:

"Дордой" (Бишкек) - "Алай" (Ош) - 1:1

"Алга" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта) - 5:2

"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алдиер" (Куршаб) - 3:1

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Oylonkyrgyzym
2016-04-16 20:25:22
Кыргыздын эльклассикосу болуптурда. Алай эми уйундо утат буйруса. Суперинфо, тиги топ лига деген эмблеманын ордуна, же астына графикти да чыгарып жургулочу журокту сыкпай. Оной элего аны илип койуш...
+1
nursultan67
2016-04-16 22:54:28
Алай алгааааааааа !!!!!
+3
FIFA-UEFA.KG
2016-04-17 01:52:21
Жооптук матчта (Суйунбаевте) утат АЛАЙ буйруса. АЛАЙ быйылда чампиоон!!!
+2
take.kg86
2016-04-17 02:28:18
Алай чемпиончемпион болот быйыл дагы
+2
barsa30
2016-04-17 05:04:45
кыргыз классико десек жарашатко экоотен кучтуу экен
+2
Oylonkyrgyzym
2016-04-17 18:37:56
Алай алгаа. Буйурса 2017 да Алай чемпион...
0
Kybylai1990
2016-04-20 09:48:52
Алай буюрса утат чемпиондукту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан