Бишкек шаарындагы кафелердин биринен капчык уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 21 жаштагы Т.Ч. аттуу тургуну кайрылган. Ал Алматы көчөсүндө жайгашкан кафесинен белгисиз адамдар 5600 сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Ж.М. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.