"Кыргызгидрометтин" маалыматына ылайык, 18-19-апрелде Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаайт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрүүсү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийликтерден өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күч-каражаттарын жогорку даярдыкта кармоону талап кылат жана калктан сел агымдарын коопсуз өткөрүү боюнча арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүүнү өтүнөт.