16-апрелде Италиянын Сардиния шаарындагы бий спорту боюнча эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары экинчи орунду ээлешти. Бул тууралуу КРнын Спорттук бий федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдешке жалпысынан 20 өлкөдөн 103 жуп катышкан. Чоңдор категориясындагы Кыргыз Республикасынын желеги астында чыккан Артём Семеренко менен Валерия Качалко жуптугу латын-америкалык программада күмүш байгени алышты.