Италияда өтүүчү "Футбол достук үчүн" деген аталыштагы форумга "Дордой" футболдук клубунун 8 оюнчусу барат

26-29-май аралыгында Италиянын Милан шаарында "Футбол достук үчүн" деген аталыштагы форум орун алат. Бул форумга дүйнөнүн 32 мамлекетиндеги футболдук клубдардын (ар өлкөнүн атынан бирден футболдук клубдун өкүлдөрү барышат) 14 жашка чейинки курактагы футболчулардын командалары чакыруу алышкан. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары кабарлашты.

Кыргыз мамлекетинин желеги астында мелдешке "Дордой-2003" командасынын 8 оюнчусу барат. Алар форум алкагында "Тогуз баалуулук" кубогу үчүн кичи футбол боюнча оюн өткөрүшмөкчү. Мелдештин тартибине токтолсок, 32 команда 16дан эки тайпага бөлүнүп ойношот. Мелдешке төмөнкү мамлекеттер катышат: Австрия, Азербайжан, Алжир, Аргентина, Армения, Беларусь, Бельгия, Бразилия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Вьетнам, Германия, Испания, Италия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Кытай, Голландия, Польша, Орусия, Сербия, Сирия, Словакия, Словения, Түркия, Украина, Франция, Хорватия, Чехия, Швейцария жана Япония.

Кубок 32 команданын бирине төмөнкү 9 баалуулукту эске алуу менен ыйгарылат: достук, теңчилик, адилеттүүлүк, дени сак болуу, тынчтык, берилгендик, жеңиш, салттар, намыс.

Сапардын алкагында жаш футболчулар УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2016-жылкы сезонунун финалын жандуу көрүп келишет. Чемпиондор Лигасынын финалы 28-майда Миландагы "Жузеппе Меацца" ("Сан-Сиро" деп да аталат) стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jeep9504
2016-04-18 17:52:57
Максат Кудайбердиев дагы барат экен гооо супер силерде иштеген???
0
take.kg86
2016-04-18 19:45:22
Жакшы кабар экен
0
Kybylai1990
2016-04-20 09:40:47
Биздин жаштар бир топ тажрыйба топтоп келишет экен эн сонун кубокту уткула ийгилик силерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан