1964-жылы 20-апрелде белгилүү спорт ишмери, СССРдин Спорт чебери Александр Воинов туулган. Ал спорттук карьерасында кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында Дүйнө чемпиону (1992-жыл. Сан-Диего шаары, АКШ) аталган.
Кезинде Ысык-Ата райондук балдар спорт мектебинде машыктыруучу, "Колхозчу" СК инструктор, Ысык-Ата райондук спорт комитетинде төрага болгон. 2008-2009-жылдары Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, "Гермес" спорттук клубунун президенти, КРнын Кикбокс федерациясынын жетекчиси, 2007-2009-жылдары экс-президент К.Бакиевдин дене тарбия жана спорт боюнча кеңешчиси болгон. Ал Даңк медалы, Данакер ордени менен сыйланган. КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу.
20-апрелдин жылнаамасы.