Оор атлетика боюнча улуттук курам "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу Азия чемпиондугуна аттанды

21-апрелде Өзбекстанда оор атлетика боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш старт алат. Анда кыз-келиндер арасында жана уландар арасында жалпысынан 10 жолдомо ойнотулат. Жолдомого ээ болуу үчүн командалык эсепте алдынкы бештикке кирүү шарт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, бул мелдешке Үсөнкан Майназаров жетектеген курамда төмөнкү спортчулар катышмакчы: Изат Артыков, Сергей Долголев, Сыргак Абдраманов, Жалил Жапаров, Рустам Таджидинов, Бекдөөлөт Расулбеков, Азат Таштанбеков, Айдар Мамадраимов. Ал эми кыз-келиндер курамасында Жаңыл Океева, Зухра Курманова, Азиза Адылбек кызы, Раушан Чолпонбек кызы, Жеңишкүл Советбек кызы, Акмарал Асанбек кызы, Жумакан Эрмекбаева сыяктуу спортчулар бар.

Спортчулардын аталган мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциядан 2 миллион 286 миң сом бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kybylai1990
2016-04-20 15:02:42
Ийгилик алтын медал уткула кудайым силерди колдосун
0
tashi62
2016-04-20 15:52:14
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан