Кечээ, 19-апрелде Бишкекте футбол боюнча 16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өспүрүмдөр курамасы (Ю-16) машыгуу сборун баштады. Сбор быйыл 15-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна даярдык алкагында уюштурулду.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, машыгуу сбору 29-апрелде аяктайт. Учурда өспүрүм футболчулар күнүнө 2 маал машыгуудан өтүп жатышат.