Түркияда 4 кыргыз кызы "сойкулук менен алектенип жатат" деген шек менен кармалды

"Түркиянын Конья шаарындагы массаждык салондо сойкулук менен алектенип жаткан" деп шектелип 4 кыргыз кызы кармалды. Бул тууралуу Түркиянын ММКлары жазып чыгышкан. Азыркы тапта консулдук кызмат бул маселенин үстүнөн тиешелүү иштерди аткарып жатканын 20-апрелде SUPER.KG'ге Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, полиция кызматкерлерине массаждык салондо иштеген чет өлкөлүк кыздар сойкулук менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Өзбекстандын 2, Кыргыз Республикасынын 4 жараны аталган фактыга шектүү катары кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон.

Биздин Түркиядагы консулдук бул маселенин үстүндө иштеп жатат, жакын арада кызматкерлер Конья шаарына барып, иштин чоо-жайын иликтеп келишет”,- деп билдиришти ТИМдин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
kona_bmw
2016-04-20 23:30:30
Бир эки ай мурда дагы кармалганда жазсам болбой эле актангандар кана? Жакшына окуп, иштеп жургон кыздарды жер каратты го бул сойкулар. Кыргыздар кызынарды, эже карындашынарды жонотпогулочу Турцияга, эч ким зордуктап иштетпей эле оздору эле сойку болгону келишет.
+3
zkd92
2016-04-20 23:55:20
Мурда Чынгыз десе Кыргызды таанычу эле. Азыр сойку десе кыргызды таанып калды. Молодцы дуйного кыргыздарды таанытып журосунор.
+7
elisa86
2016-04-21 00:13:04
Otkon aptada Bishkekte Osh bazaryna barsam, radio tuiundo jaryia berilip jatkan -turkiyaga iwtegeni kyzdar kk dep owentip aldap alyp ketiwet ekenda.
+4
kona_bmw
2016-04-21 01:31:02
elisa86, ошол жарыя бергендер сойку болуп иштейсинби деп макулдугун алып эле алып кетишет, мен озум Стамбулда жашайм, быякта полиция антип кыстап иштеткен турктун отун алат, кыстап эч ким иштете албайт. Ал жомок.
+3
Janybaev98
2016-04-21 00:48:44
Ээхх... Не дешимди дагы билбей калдым. Кайда гана баратабыз кыргыздар
+1
Hadise
2016-04-21 01:30:50
100 кишинин 100 ой-пикири болот, Турцияда жургон кыз-келиндердин баардыгы эле сойкулук м.н журушот деген сымал жазып жатасынар, мен бул ойго таптакыр кошулбайм!!! Сойкулук м.н алектенгендер албетте бар, бирок таза норм.жумушта иштеген кыздар, эжелер да бар. Жакшынакай иштеп ж.а окугандар да бар!!! Бул жерин да эске алыш керек!!! Ушундай маселенин артынан Турция десе эле жаман ойлорго келип такалышат копчулук жердештер. "Проституция и наркота это было с покон веков..."-(((
+2
kona_bmw
2016-04-21 01:39:51
Качанга чейин моюнга албай актанаар болдук экен.... мандайыбызда фактылары менен турса да болбой эле жок кыстап иштетишет, жок алдап алып кетишет деп. Бир коомдо сойкулук ачыктан ачык бар болсо ал коомго адилетсиз башчы, адилетсиз жашоо окум кылынат. Эгер кыргызга бир кырдаал келсе демек ушул сойкулар сымал бузук адамдардын кесепетинен! Аллахым озу сактасын Кыргызды.
+2
Oskar.97
2016-04-21 02:12:27
Бул жерде азыр турцияда жургондор барбы
+1
kona_bmw
2016-04-21 11:31:24
Oskar.97, мен Стамбулдамын
0
arzygulR
2016-04-21 03:19:46
Баардык нерсе адамдын озунон зависит этет.Ар бирине ыйман берсин да
+1
33SUUN
2016-04-21 03:35:30
Россиядан депортациаланган же кара тизмеге тушкон кыргыз кыздарынын 80 пайызы Турцияда.Калп дегенинер болсо айткыла... .Айла кеткендеги иш болсо керек.
+1
Kyrgyz_KG
2016-04-21 06:55:08
Айла кеткен учурда мындай ишке барбашы керек эле, эртен ал кыздар катйып келет, мындай жолу менен акча тапкан кызды кандай бала алмак эле, ошол учун кыздардын баарын ата энеси менен же болбосо бир тууган эркек бала менен талаага иштегени жакшы. Азыркы убакта кээде намыстанып кетем, эже карындаштарыбыз сыртка чыгып иштеп мындай жолго барганы, кыргыз эркектери кыргызстанда татыкту иш орундарын камсыздай албай жатабыз, жыйнтыгында мындай корунуш кобойуп бара жатат.
+9
Moskva.kg
2016-04-21 08:01:29
Андай сойкулар бизге кереги жок эмне алып келип жатасынар чет мамлекетте сойкулук кылып жургондорду кыргыз жарандыгынан ажыратыш керек омур бою сойкулук кылып бул дуйнодон отушсун
+1
Sema87
2016-04-21 14:24:13
Кызгыз кыздарынын озу акылы кем болот экен Москва шаарында коп кором башка улуттун балдары менен жургонуну жарым ачык кийинген тамеки чегип тим эле келген жерлерини унутуп городской болуп алышат ошентим журушсо конечно бузулат.мисалы озбек тажиктердин кыздары кантип келишсе ошол бойдон эле журушот дворник болуп эле иштешип простой эле.дискотека тунку клубтарда только кыргыз кыздары башка улутту бир да корбойсун
+1
Malywka90
2016-04-21 15:31:44
арам акча аш болбойт акыретти ойлонушса болмок
0
bah_tee
2016-04-21 16:24:08
Жакшы Кабар.
0
murat_12
2016-04-22 12:02:53
бул кыздар сойку болуп бир куно кылды а силер буларды айтып ушактап канча куно кылып атасынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан