Бишкекте айдоочу 9 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 14:00 чамасында Манас кең көчөсү менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Окуя болгон жерге барган “Тез жардамдын” кызматкерлери жеңил унаанын айдоочусу 9 жаштагы кызды сүзүп кеткенин аныкташкан. Оор жаракаттарды алган кызга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.