Германия курама командасынын дарбазачысы Мануэль Нойер мюнхендик "Бавария" футболдук клубу менен келишимин 2021-жылга чейин узартты. Келишимдин негизинде ал жылына 15 миллион евро өлчөмүндө маяна алмакчы. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч менен ал дүйнөдөгү эң көп маяна алган дарбазачылардын алдынкы сабынан орун алды. Ошондой эле 30 жаштагы дарбазачы "Баварияда" чогуу ойногон өнөктөшү Томас Мюллер менен биргеликте клубда эң көп акы төлөнгөн футболчулардын алдынкы сабына чыкты.