Бишкекте 6 мамлекеттин спортчуларынын катышуусунда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өтөт

23-апрелде Бишкекте эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеш орун алат. "Кулатуу эр таймаш ММА" жана Орусиянын "Ахмат" клубу биргеликте уюштуруп жаткан мелдеш "Стронг" бокс жана фитнес борборунда өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Дүйнөлүк эр таймаш федерациясынын (WEF) президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Орусиянын спортчулары да чакырылган. Мелдеш алкагында "AFCA&WEF PROFFIGHT" версиясы боюнча чемпиондук кур үчүн Алтынбек Мамашев (77 кг) өзбек мушкерине каршы турат.

Бул күнү жалпысынан 12 беттеш орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurik11-29
2016-04-21 16:11:41
кимдер кимге экенин жазып койсонор жакшы болмок
+1
MuslimNur95
2016-04-21 16:54:51
Эрежесиз эр урушка Катышуучулардын аты жонун билдирип койунуздарчы .
0
admin_portal
2016-04-21 17:00:36
MuslimNur95, саламатсызбы!
Маалыматты толуктоого аракет кылабыз.
0
nursultan67
2016-04-21 17:12:15
Жаш кучтун балдары жок окшойт ошолор болгондо кучтууу балдар эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан