Борбордо "акча талап кылып жарандын эки колун, эки тизесин жана сан сөөгүн сындырган" деген шек менен Ысык-Көл облусунун 2 тургуну кармалды

Борбордо "акча талап кылып жарандын эки колун, тизесин жана сан сөөгүн сындырган" деген шек менен Ысык-Көл облусунун 2 тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-март күнү №4-шаардык клиникалык ооруканага сан сөөгүнүн жабык сыныгы, эки колу жана эки тизеси сынган абалда И.А. аттуу жаран келип түшкөн. Жабырлануучу аны саат 17:00 чамасында Дэн Сяопин жана Заводская көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуу менен жол тандабаска салып Селекция айылына алып барышып катуу токмоктошконун билдирген. Анын айтымында, аны сабагандар карызды берүүнү талап кылышкан.

Бул факт боюнча "опузалап талап кылуу" жана "саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары борбор калаада жашаган Ысык-Көл облусунун 27 жаштагы М.А. жана Б.Б. аттуу (кылмыштуу топтун мүчөсү) тургундары кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Urmat_83
2016-04-22 10:11:51
алган карызын бербейби анан озу дагы.Бербей качып журсо берген адам дагы ортого черныйларды салды да
+1
Arslan12
2016-04-22 11:33:55
Экоон тен эки колун эки тизесин ХХХ ХХХ керек!
0
admin_portal
2016-04-22 11:45:36
Arslan12, провокация жаратпаңыз!
0
BOSSFR
2016-04-22 16:52:15
Какшаткан да карызын бербей
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан