1982-жылы 22-апрелде футбол чөйрөсүндө Кака деген ысым менен белгилүү болгон бразилиялык футболчу Рикадо Изексон дос Сантос Лейте туулган. Ал "Сан-Паулу" футболдук клубунда тарбияланып, 2001-жылы ушул клубда профессионалдык карьерасын баштаган.
2 жылдан кийин футболчуну италиялык "Милан" сатып алган. Каканын жылдызы дал ушул "Миланда" жанып, клуб менен Италия чемпиондугун (2004-жылы), 2007-жылы Чемпиондор Лигасын утуп алган. Ошондой эле 2002-жылы Бразилия курамасынын курамында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтын медалын тагынган. 2007-жылы Кака ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусу катары "Алтын топ" сыйлыгын алган.
2009-жылы испаниялык "Реал" футболдук клубу Каканы "Миландан" 68,5 миллион еврого сатып алган. Ал 2013-жылы "Реал" футболдук клубунда ойноду. Тилекке каршы, Мадридде өзүн көрсөтүүгө футболчуга арты-артынан кайталанган жаракаттары тоскоолдук жаратты. Бул клубда өзүн толук көрсөтө албаган Кака кайрадан Италияга кайтып, "Миланда" бир сезон ойногон соң америкалык "Орландо Ситиге" чакыруу алып, жөнөп кеткен. Учурда футболчу өзү тарбияланган "Сан-Паулу" клубунда ойноп жатат.