Грецияда Олимпиада оту жанды

Грецияда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын отун салтанаттуу түрдө жандыруу иш-чарасы орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара Пелопоннес жарым аралындагы байыркы Олимпия шаары жайгашкан аймакта болду.

Жакынкы аралыкта эстафетанын алкагында факел Грециянын көпчүлүк аймактарынан өтүп, 27-апрелде "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын уюштуруу комитетине берилмекчи.

Бразилияда эстафета Бразилиа шаарында 3-майда старт алып, оюндардын ачылыш аземи өтө турган 5-августта Рио-де-Жанейро шаарына жеткирилет. 95 күн аралыгында факел колдон-колго өтүп, 20 миң чакырымды жер үстүндө, 16 чакырымды абада "басып өтөт". Жалпысынан эстафетага 12 миң "факел ташуучу" катышат.

Кошумчалай кетсек, "Рио-де-Жанейро-2016" Жайкы Олимпиадасы 5-21-август аралыгында өтмөкчү. Латын Америкада Олимпиада тарыхта алгачкы жолу уюштурулууда.

Грецияда 2016-жылдын Олимпиада оюндарынын оту жанды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан