23-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 6-турунда 3 оюн орун алды. Күндүн беттеши катары бааланган "Алай" - "Алга" беттешинде 2:2 эсебиндеги тең чыгуу катталды.
Оюндардын жыйынтыктары:
"Алдиер" (Куршаб) - "Ала-Тоо" (Нарын) - 3:0
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Абдыш-Ата" (Кант) - 1:1
"Алай" (Ош) - "Алга" (Бишкек) - 2:2
Бул күнкү оюндардын жыйынтыгында мелдеш жадыбалында 1-орунду 3 команда бөлүшүп турат. Тактап айтканда, "Дордой", "Алай" жана "Алга" клубдарынын эсептеринде 11ден упай бар. Кийинки орунду "Абдыш-Ата" ээлеп келүүдө (7 упай). Ошондой эле, "Кара-Балтанын" эсебинде 4, "Алдиер" менен "Ала-Тоодо" 3төн упай бар.